Бишкекте тергөөчү пара менен кармалды

Бишкекте тергөөчү пара менен кармалды

Бишкек шаарында тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Финансы полициясына А.К. аттуу борбор калаанын  тургуну кайрылган. Ал Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү “ишиңди оң жака чечип берем” деп пара талап кылып жатканын айткан.

Бул окуя боюнча Финансы полициясы жана ИИМдин ички иликтөө кызматы териштирүүнү баштап, тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>