Бишкекте тойканалардын жумушчулары митингге чыгып, бийликке талаптарын айтышты

Бишкекте тойканалардын жумушчулары митингге чыгып, бийликке талаптарын айтышты

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкектеги тойканалардын жумушчулары Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын алдына митингге чыгышты. Алар аткаруу бийлигинен иштөөгө уруксаат берүү талабын коюшту.

Тойканалардын биринин администратору коомдук жайларда, унааларда, базарда канчалаган эл жүргөнүн айтып, ал жактан вирус жукпайбы? деген собол салды.

«Биздин негизги талап – ресторан бизнесине уруксаат берүү. Базардан, коомдук транспорттон илдет жукпайт, той өткөрсө вирус жугабы? Эгерде кырдаал оор болсо, анда барын жапсын. Муну саясатка аралаштырбоо керек. Соода түйүндөр, түнкү клубдар иштеп жаткандан кийин ресторандар түйүнү деле иштей берсин. Кафе-ресторандарда канчалаган адамдар жумуш орундары менен камсыз болот. Тамада, ырчы, ашпозчу, кароолчу, тазалоочу, официанттар ж.б.», — деди ал.

Митингге 100дөн ашык киши чыкты. Алардын арасында тойканаларды тазалап, жан баккан жумушчулар да бар.

«Чындыгында бул тармакта иштеп күнүмдүк каражат тапкан жумушчуларыбызга оор болуп жатат. Өкмөт карантин деп жапканы менен алардын муктаждыктарын эске алган жок. Иштеп, каражат таппаса дагы канчага чейин ачка отурат», — деп баса белгиледи ресторандардын биринин администратору.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>