Бишкекте унаа жолдун ортосундагы бетон түркүк жаштардын шакабасына айланды, – видео  

Бишкекте унаа жолдун ортосундагы бетон түркүк жаштардын шакабасына айланды, – видео  

Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бириндеги бетон түркүк интернет колдонуучуларынын талкуусуна айланды. Анткени ал жаңы түшкөн жолдун автоунаа өтүүчү бөлүгүндө калып калган.

Айрым интернет колдонуучулары “шалакылык” деп ачуу сынды жаадырса, айрымдар “казылган, тешик жолдорго көнгөнбүз мындай өзгөчөлүк боло элек эле” деп шакабага айлантышты.

Интернет колдонуучулары аталган түркүк Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районундагы жолдордун биринде экенин жазышууда.

Бүгүн, 18-августта аталган бетон түркүктүн жанынан тартылган жаңы видеолор жарыяланып, интернет колдонуучуларына кошумча күлкү жаратты. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>