Бишкекте унаанын дөңгөлөктөрүн уурдап жаткан адам кармалды – сүрөт

Бишкекте унаанын дөңгөлөктөрүн уурдап жаткан адам кармалды – сүрөт

Милициянын кайгуул кызматы Бишкекте унаанын дөңгөлөктөрүн уурдап жаткан адам кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну бүгүн, 26-январда Павлов жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган «Гольф-3» үлгүсүндөгү автоунаасынын алдыңкы эки дөңгөлөгүн уурдап кетишкенин айтып арыз менен кайрылган.

Милиция кызматкерлери дөңгөлөк ууруну издеп жүрүп, Жумабеков көчөсүн6дө токтоп турган автоунаанын дөңгөлөктөрүн уурдоого аракет кылып жаткан адамды кармашкан.

Ал 45 жаштагы К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну экендиги аныкталган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргзилип, “уурулук” беренеси менен иш козголгон.

[su_image_carousel source=»media: 54840,54841,54842,54843,54844″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>