Бишкекте вагон өрттөнүп бир адам каза болду

Бишкекте вагон өрттөнүп бир адам каза болду

Бишкекте курулуш вагонунан өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-январда таңга маал Бишкек шаарындагы “Ак-Жол” автобазасында аянты 160 чарчы метр курулуш вагону жана “VOLVO” үлгүсүндөгү автоунаанын прицеби өрттөнүп кеткен. Анын кесепетинен 1 киши каза болгон.

ӨКМнын куткаруучулары маркумдун жансыз денесин алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. 

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Тэги: Бишкек өрт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>