Бишкекте үч жаңы көпүрө пайда болот — сүрөт

Бишкекте үч жаңы көпүрө пайда болот — сүрөт

Бишкекте үч көчөгө көпүрөлөр курулуп жатканын Бишкек мэриясы Капиталдык курулуш башкармалыгына таянуу менен билдирди.

“Street Architects” ишканасы Ак-Босого конушундагы Киргизский көчөсүнөн Кичи Чүй каналына (МКЧ) чейин реконструкциялоодо. Ушул эле жерде Кичи Чүй каналынын эски көпүрөсү толугу менен демонтаждалып, жаңы көпүрөнүн курулушу башталды. Бул этапта узундугу 18 метр келген темир-бетон устундары орнотулду. Реконструкциядан кийин көпүрөнүн жалпы туурасы 12,5 метрди, узундугу 19 метрди түзөт. Эки тарапка туурасы 1,5 метр тротуарлар каралган.

Ошондой эле, Эне-Сай конушундагы Аламүдүн дарыясына көпүрө куруу менен Гидростроителей көчөсү Курманжан датка көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин реконструкцияланууда. Реконструкциядан кийин көпүрөнүн узундугу 31 метр, туурасы 14,4 метр болот. Эки тарапка туурасы 2,25 метр тротуарлар түшүрүлөт.

Аламүдүн дарыясына көпүрө куруу менен Сухэ-Батор көчөсүнүн Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот. Көпүрөнүн жалпы узундугу 24,12 метр, туурасы 11,25 метрди түзөт. Ошондой эле эки жагында туурасы 2,25 метр болгон тротуарлар бар.

Тротуар менен жолдун ортосуна бетон блоктору коюлуп, көпүрөдөн коопсуз өтүү үчүн четине темир тосмолор орнотулат.

«Буга чейин Гидростроителей жана Сухэ-Батор көчөлөрүндө көпүрөлөр жок болчу. Эми алар шаар жолдорунун алмаштырылгыс артериясына айланат», — деп билдирди мэрия.

“Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Бул аралыкта жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчөнү калыбына келтирүү жана 5 көпүрөнү куруу пландалууда.

Жумуштарды Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен подрядчик China Road and Bridge Corporation компаниясы жүргүзүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>