Бишкекте жакын арада автобусттар менен троллейбусттарда электрондук төлөм ишке кирет

Бишкекте жакын арада автобусттар менен троллейбусттарда электрондук төлөм ишке кирет

Бишкек мэриясы үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан баштап жол кире төлөмүн электрондук түргө өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бул долбоор аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүүнүн алкагында ишке ашырылууда. Бишкектин жүргүнчүлөр автотранспорту» ишканасында жалпысынан 400 коомдук унаа бар. Жасалып жаткан ишке ашса айдоочуларга бир топ жеңилдик түзүлөт. Анткени жол кире акысын алып, кайра акча кайрып берип алаксыбайт.

«Жакынкы арада автобустарга терминал орнотула баштайт. Төлөм жүргүзүү үчүн жүргүнчүлөр атайын чип, электрондук карта же колго таккан билерик сатып алышат», -деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Ош шаарында ушул жылдын 28-февралында бардык троллейбусттар электрондук тейлөөгө өткөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>