Бишкекте жаш жигит аш бычак менен көчөдөгү адамдарга кол салып, бир адам жаракат алды

Бишкекте жаш жигит аш бычак менен көчөдөгү адамдарга кол салып, бир адам жаракат алды

Бишкекте бычак менен жол тоскон жигит кармалды. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 8-август күнү саат 22:40 чамасында Бишкек шаарындагы Рыскулов жана Заводской көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.  Анда белгисиз адам көчөдөн өткөндөргө бычак менен тап берип, кол салып жатканы тууралуу укук коргоо органдарына маалымат түшкөн. 

Ал адамдын колунан көчөдөн өтүп бара жаткан 49 жаштагы киши жаракат алып ооруканага түшкөн. 

Ыкчам издөө иш-чарасынын алкагында шектүү катары М.Б. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук ИИБине жеткирилген.

Ага карата 138-берене менен иш козголуп, учурда тергөө жүрүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>