Бишкекте жеке ишкерди тоногон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкекте жеке ишкерди тоногон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкек шаарында жеке ишкерди тоногон адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь айында борбор калаанын Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен Д.Ш. аттуу жеке ишкерди белгисиз 2 адам курал менен коркутуп, автоунаага салып кеткен. Алар жабырлануучуну эски аэропорттун аймагына алып барып, бир күн барымтада кармап коркутуп, эртеси анын 500 долларын жана 12 миң сом акчасын алып кетишкен.
Жабырлануучу укук коргоо органдарына кайрылып, факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-бернесинин 1,2,3, бөлүмдөрү менен (курал-жарак колдонулуп, бир нече кишинин катышуусундагы каракчылык) иш козголуп, иликтене баштаган.
Анын натыйжасында шектүү катары, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Талас облусунун 25 жаштагы тургуну А.Д. аттуу адам кармалган.
Учурда айыпталуучу тергөө кызматына өткөрүп берилип, убактылуу жайга киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>