Бишкекте Жеңиштин 76 жылдыгына карата митинг-реквием өттү

Бишкекте Жеңиштин 76 жылдыгына карата митинг-реквием өттү

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына карата митинг-реквием өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 9-майда, Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына арналган митинг-реквиемге өлкө башчы Садыр Жапаров дагы катышты.

Мамлекет башчысы Түбөлүк отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскерип, таазим кылган.

Ошондой эле митинг-реквиемге Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков катышкан.

Бир мүнөттүк аза күтүүдөн кийин борбор калаанын Жеңиш аянтында залп атылып, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>