Бишкекте жума намаздарга тыюу салынды

Бишкекте жума намаздарга тыюу салынды

Бишкек шаарындагы мечиттерде кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулуп турат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Урматтуу мекендештер, кадырлуу момун мусулман бир туугандар! Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо, социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Бишкек шаардык мэриясынын жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун талаптарына ылайык жана калаада COVID-19 коронавирус инфекциясы көбөйүп, эпидемиологиялык кырдаал курчуп жаткандыгына байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Аалымдар Кеңешинин макулдугу менен 30-апрелден баштап, абал турукташканга чейин Бишкек шаарынын аймагындагы мечиттерде жума намазын окууну убактылуу токтотуп турат. Ошондой эле 30-апрелден тарта дааватка чыгуучулардын жалпы каттоо иштерине убактылуу чектөө киргизилет. Буга чейин Бишкек шаарындагы мечиттерде ифтарлык өткөрүүгө киргизилген чектөө күчүндө калтырылмакчы”, — деп кабарлашты.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жарандарды туура түшүнүү менен кабыл алып, оорунун алдын алууга жардам берүүлөрүн жана мечиттерге келүүдө төмөнкү эрежелерди сактоону өтүнөт:

— Беткап тагынууну;

— Дене табын текшертүүнү;

— 1,5 метрлик аралыкты сактоону;

— Даарат алчу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоону;

— Жаш балдар, кары-картаңдар, ооругандар, дене табы көтөрүлгөндөр мечитке келбей туруусун, кол алышып, кучакташып көрүшпөөнү;

— Беш убак намаздарды сактык чараларын аткаруу жана аралыкты сактоо менен окууну.

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>