Бишкектеги № 62 мектеп-гимназиясында биринчи жолу кыргыз класс ачылды

Бишкектеги № 62 мектеп-гимназиясында биринчи жолу кыргыз класс ачылды

Бишкектеги № 62 мектеп-гимназиясында кыргыз класс ачылды. Бул тууралуу Репортер агенттигине активист Аманбол Бабакулов билдирди.

“Буга чейин аталган мектепте кырргыз класс жок болуп, ата-энелер нааразы болуп келген.  Быйыл биздин жана мектеп директору Гүлнара Актайлакованын аракетинин арты менен кыргыз мектеп ачылды. Жаңы окуу жылында 25 бала 1-класска кабыл алынды. Алардын ичинен 3 окуучу орус улуундагы балдар”, — деди Бабакулов.

Белгилей кетсек, № 62 орто мекетеп 1964-жылы түптөлгөн, 2009-жылы мектеп-гимназия статусун алган. Гимназиядагы 62 окуу классында  2000ден ашык окуучу билим алат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>