Бишкектеги 4 баланын өмүрүн алган жол кырсык. Аталган кырсыктан оор жаракат алган кыз каза болду

Бишкектеги 4 баланын өмүрүн алган жол кырсык. Аталган кырсыктан оор жаракат алган кыз каза болду

Бишкекте 9-сентябрда Чыңгыз Айтматов проспектисинде «Шкода Октавия» үлгүсүндөгү унаа менен автобус сүзүшүп, 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыкта дагы 7 адам жаракат алган. Оор абалда жаткан кыз бүгүн, 13-сентябрда саат 11 чамасында Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда каза болду. Бул тууралуу ооруканадан маалымдашты.

Маркум кыз 19 жашта болгон. Ал 4 бала каза болгон унаада жүргүнчү катары келе жаткан.

Белгилей кетсек, Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы аталган жол кырсыгын иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын айткан. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргөн иликтөөдө, 9-сентябрда  болжол менен 14:30дар чамасында «Шкода Октавия» үлгүсүндөгү  автомашина  үйлөнүү үлпөт тойдогу кортеждин катарында бара жатып, андан калып калган. Кийин Айтматов көчөсүнөн каршы тилкеге чыгып, жүргүнчү ташыган автобус менен бет маңдай кагышкан.

Учурда шаардык милициянын Тергөө кызматы  тиешелүү иш-чараларды  жүргүзүп, кырсыктын чоо-жайы аныкталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>