Бишкектеги «Ак кула» ат майданы жаңыртылат

Бишкектеги «Ак кула» ат майданы жаңыртылат

Бишкектеги «Ак кула» ат майданын реконструкциялоо боюнча жарыяланган сынактын жеңүүчүсү аныкталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мэриянын маалыматына ылайык, А. Абраимовдун жана архитекторлор — К. Исраилов, Д. Исенбаев, Т. Момуналиев, С. Шаршенбаев, Б. Сулайманов иштеп чыккан долбоору жеңүүчү болду. «Ак-Кула» ат майданын жаңыртуу боюнча калыстар тобуна сертификаттан өткөн 4 иш келип түшкөн. 2019-жылдын 18-октябрында келип түшкөн иштердин жыйынтыгын чыгарды.

Аталган ат майданын жаңыртуу маселеси 2017-жылы Нооруз майрамындагы ат оюндарынан кийин көтөрүлгөн. Көкбөрү оюнун көргөнү келген көпчүлүк ат майданга батпай, сырттагы бак-дарактардын жана аянтка жарык берүүчү мамынын үстүнө чыгып алып көрүшкөнү интернетте кызуу талкууга алынган. Ат майданды реконструкциялоо боюнча өкмөттүк жыйында оңдоп-түзөөгө 650 млн. сом кете турганы айтылган.

«Ак-Кула» ат майданы мурда Бишкек мэриясына таандык болгон. Токсонунчу жылдардын башында Айыл чарба министрлигинин токтому менен жеке колго өтүп, Ачык акционердик коом болуп калган. Муниципалитет ипподромдун 50,9 гектар жерин кайтаруу боюнча сотту утуп алган. Жакында эле кошумча 3,2 гектар жерди кайтаруу боюнча сот болуп, анда да оңунан чыккан.

«Ак-Кула» ат майданы Бишкек шаарында жайгашкан. Аянты 57,4 гектар, 3000 орундуу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>