Бишкектеги борбордук мечиттин кызматкери Акмат ажы Жумагул уулу каза болду

Бишкектеги борбордук мечиттин кызматкери Акмат ажы Жумагул уулу каза болду

Бишкек шаарындагы борбордук мечиттин кызматкери Акмат ажы Жумагул уулу каза болду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Акмат ажы Жумагул уулу кечээ, 23-июль күнү 46 жашында узакка созулган оорудан каза болгон.

Буга байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жалпы эмгек жамааты жана Бишкек шаарынын казыяты Акмат ажы Жумагул уулунун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.    

Акмат ажы Жумагул уулу 1974-жылы Чүй облусунун Ысык Ата районунда төрөлгөн. 2003-жылдан бери дин тармагында кызмат кылып келе жаткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>