Бишкектеги дүкөндөрдүн биринде сатуучуну тоноп кетишти

Бишкектеги дүкөндөрдүн биринде сатуучуну тоноп кетишти

Милициянын кайгуул кызматы Бишкекте тоноого шектелген адам кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, борбор калаада 27-январда саат 16:00дөр чамасында “102” кызматына Жумабеков көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн биринде акча жана чөнтөк телефон тонолгону тууралуу маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлерине 43 жаштагы М.С. аттуу адам арыз менен кайрылган. Ал баласы дүкөндө соода кылып жаткан учурда белгисиз адам коркутуп 13 миң 700 сомдук Samsung Galaxy A11 үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун жана 900 сом өлчөмүндө акчаны тартып алып качып кеткенин айткан.

Ыкчам кармоо иш-чарасынын жүрүшүндө, шектүү катары 29 жаштагы А.А. аттуу адам кармалган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 201-беренесинин (“Тоноо”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Шектүү Биринчи май райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>