Бишкектеги «Фрунзе» заводундагы кампадан чыккан өрттөн жабыркаган эки адам ооруканадан чыгарылды

Бишкектеги «Фрунзе» заводундагы кампадан чыккан өрттөн жабыркаган эки адам ооруканадан чыгарылды

21-августта Бишкектеги «Фрунзе» заводундагы кампадан чыккан өрттөн эки адам жабыркап ооруканага түшкөн. Учурда алардын абалы канааттандырарлык болуп ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

Аталган министрликтин басма-сөз кызматынын билдирүүсүндө, өрттөн иске ууланып Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 31 жаштагы О.Н. жана 33 жаштагы И.А. аттуу жарандар алып келинген. Экөө тең өрттөн чыккан газга ууланышкан. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык болуп үйлөрүнө чыгарылды.

21-август күнү саат 11:21де  чыккан өрт, түштөн кийин  чектөөгө алынып, 22-августта саат 12:05те толук өчүрүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>