Бишкектиктер курулуш баштала турган жердин тосмосун талкалап кетишти

Бишкектиктер курулуш баштала турган жердин тосмосун талкалап кетишти

Бишкектеги Токтоналиев – Жаманбаев көчөлөрүндө жайгашган жерге курулуш ишин баштоо үчүн даярдалып жаткан. Бирок бул жерде балдар ойноочу аянтча бар болгондуктан тегерегиндеги жашоочулар курулуш баштоого тоскоолдук жаратып жатышат.

Аталган жерде дагы кечээ, 8-августта чыр чыкты. Бишкетеги эки күндүк башаламандыктан курулуш баштала турган жердин тосмолору дагы талкаланды. Бул тууралуу REPORTER маалымат агенттигине «Онурхан» АККнын өкүлү билдирди.

Маалыматка ылайык, өз кызыкчылыгы бар 4-5 киши чогулган эл менен башаламандык уюштурушкан.

Дал ошол күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон тарапташтары Бишкекте коомдук тартип бузуп жүрүшкөн.

Чуулу жерге «Онурхан» АККсы ээлик кылат. Алар Бишкек шаардык мэриясынын токтому менен алган. Аянты — 36 сотых. Анын 17 сотыхы курулуш жагында, ал эми 19 сотых спорт жана балдар аянты жасала турган жер болуп эсептелет.

«Бул жерде жашаган адамдар курулушка каршы деген кептер жүрүп жатат. Бирок андай эмес. Алардын арасын 4-5 гана адам ушундай тартипсиздикти ортонуп жатышат. Алар бир гана өз кызыкчылыктарын ойлогон адамдар. Көчөдө коомдук тартипти бузуп жүргөн адамдарды ээрчитип келишип, алар менен чогу тозуп койгон тосмону талкалап, кароолчулардын таш менен башын жарып кетишкен», — деп айтты.

 «Онурхан» АККсы бардык талаптарды аткаруу үчүн иштерди аткарып жатканын да кошумчалады.

«Аталган жерде курулуш иштери баштала элек болчу. Жердин кожоюну «Онурхан» АККсы, ал эми сала турган курулуш компания «Фиеста» деп аталат. Бул жерде 3 жылдан бери эле ызы-чуу болуп жатат. Биз аларга балдар аянттарын куруп беребиз деп айттык. Бирок алар ишенишпей жатат. Заманбап жакшы балдар аянтчасын курууга план даяр», — деп белгиледи «Онурхан» АККнын өкүлү.

Башаламдык уюштургандарга карата жабыркаган тарап Бишкек шаардык Биринчи Май райондук  ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылышкан. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>