Бишкектин айрым райондорунда беш күнгө газ токтотулат

Бишкектин айрым райондорунда беш күнгө газ токтотулат

Бишкектин айрым райондорунда газ болбойт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын PR жана медиа байланыш кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер алдындагы газ түтүгүндөгү жылчыктын жоюлушуна, ошондой эле оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу көгүлтүр отун менен камсыздоо токтотулат:

3-4-май — Элебаев, Карасаев көчөлөрү, Гранитный, Садовый тилкелери менен чектелген аймак;

3-7-май — Красный Строитель турак-жайы.

Коопсуздук талаптарына ылайык, оңдоо-калыбына келтирүү иштери жана жабдууларды алмаштыруу орто жана төмөнкү басымдагы газ түтүктөрү ажыратылган шартта жүргүзүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>