Бишкектин Ак-Өргө конушунда жашыруун күйүүчү май сатылган жай табылды

Бишкектин Ак-Өргө конушунда жашыруун күйүүчү май сатылган жай табылды

Бишкекте мыйзамсыз жол менен күйүүчү май саткандар боюнча сотко чейинки иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, Ак-Өргө конушундагы Сулайман-Тоо ― Тагай-Бий жана Сулайман-Тоо —Жакшылык көчөлөрүнүн кесилишиндеги жайларда эч кандай тийиштүү документтери жок күйүүчү май сатылып жатканы белгилүү болгон. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган жерден 2 тонна “Аи-92” маркасындагы бензин менен дизел отуну табылган.

Бул факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилип, мамлекетке келтирилген чыгымдын суммасы такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>