Бишкектин так ортосунда «уурдалган» кыз милицияга келди

Бишкектин так ортосунда «уурдалган» кыз милицияга келди

Ала качуунун курмандыгы болду делген кыз болуп өткөн окуяны түшүндүрүү үчүн милицияга келди. Бул тууралуу Репортерге Бишкек ШИИБнын басма сөз катчысы Улан Жумаков билдирди.

«Ал өзүнүн тайкеси менен келди. Кызматкерлер анын документин текшеришти. Кыз жашы жете элек өспүрүм экен. Ал өзүн эч ким уурдабаганын, болуп өткөн окуялар үй бүлөлүк маселе экенин айтты. Аны мажбурлап суракка алууга мүмкүн боолгон жок”, — деди Жумаков.

Белгилей кетсек, 12-октябь күнү Жибек Жолу жана Абдрарахманов көчөлөрүнүн кесилишинде бир кызды белгисиз адамдар ала качкандыгы тууралуу маалымат тараган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>