Бизнесмен жаш кызды 10 күн зордуктап жүргөн

Бизнесмен жаш кызды 10 күн зордуктап жүргөн

Орусиянын Төмөнкү Новгород шаарында 39 курактагы Сергей Свешников Елизавета атту 23 жаштагы кызды 10 күн боюу зордуктап келген. Учурда күч органдары таап, сурак берүүдө. Бул туурасында жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматтарга караганда, 24-август күнү кыз үйдөн чыгып кеткени бойдон дайынсыз жоголгон. Елизаветанын апасы жергиликтүү полицияга кабар берген. 2-сентябрь күнү күч органдары кызды тапканы менен кылмышка шектүү  Сергей Свешников из жашырып кеткен.

Көрсө, Елизавета эскорт кызматын көрсөткөн сайтка катталып, ошол жерден Сергей Свешников менен таанышып калган. Өз каалоосу менен баланын унаасына түшүп, кафе-ресторандарда тамактанып жүргөн. Свешников зордуктоого аракет кылганда кыз каршылык көрсөткөн. Ага карабай унаа токтотуучу жайга күч колдонуу менен күндө арам ишин кылып жүргөн.

Жыйынтыгында Сергей Свешников колго түшүп, сурак берүүдө.  Свешниковдун аялы күйөөсүнүн ийгиликтүү бизнесмен экенин соцтармак аркылуу жар салыптыр.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>