Бөлтүрүк: “Кумтөр Голдко” канчалаган таза сууну бекер берип жатабыз

Бөлтүрүк: “Кумтөр Голдко” канчалаган таза сууну бекер берип жатабыз

Канадада 750 милиграмм таза суу 46 доллар турат. Биз канчалаган таза сууну бекер берип жатабыз. Бул тууралуу «Кумтөр Голд» компаниясынын директорлор кеӊешинин мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк Жогорку Кеңеште “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтөө жыйынтыгы угулуп жатканда билдирди.

Анын айтымында, Кумтөр алтын кенинде жаратылыш байлыктарына жапайы мамиле жасалып жатат. “Менеджменти да өтө сабатсыз. Мисалы, “Кумтөр Голд” компаниясы 23 жылдан бери “Петров” көлүнөн жылына 5 миллион куб метр таза сууну, ал эми борбордук карьерде 20 миллион куб метрден ашуун жер кыртышынын суусун бекер пайдаланат.

“Центерра Голд” компаниясы сандарга келгенде башта айлантып, бизди такай алдап келет. 5 миллион куб метр суу деген – 5 миллиард куб метр суу. Мисалы, Канаданын өзүндө 750 милиграмм таза суу 46 доллар турат. Ошондон улам, биз канчалаган таза сууну техникалык жумуштарга бекер берип жатабыз. Буга 1999-жылдагы жана 2017-жылдагы туура эмес келишимдер жол берип, “Центерра Голд” компаниясын юридикалык жактан коргоп келет”, — деди Бөлтүрүков.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>