Бразилиядагы абакта болгон баш аламандыктан 52 адам каза тапты

Бразилиядагы абакта болгон баш аламандыктан 52 адам каза тапты

Бразилиянын Пара штатындагы абакта болгон баш аламандыктан 52 адам каза тапты. Бул тууралуу “Рейтер” агенттиги жазды.

Абактагы жаңжалдын келип чыгышына эки кылмыштуу топтун ортосундагы тиреш себеп болгон. Тополоң учурунда абактагылар түрмө кызматкерлерин да туткунга алышкан. Түрмө башчысынын айтымында баш аламандык таңкы саат 7 де башталып, беш саатка чейин созулган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>