Британияда унаадан табылган 39 адамдын өлүмүнө шектелип 2 адам кармалды

Британияда унаадан табылган 39 адамдын өлүмүнө шектелип 2 адам кармалды

Жүк ташуучу унаада табылган 39 адамдын өлүмүнө шектүү катары эки адам Британиянын түндүк-батышындагы Уоррингтон шаарынан кармалды. Бул тууралуу Российская газета басылмасы жазып чыкты.”

«Кармалган эркек менен аял 38 жашта болгон. Алар адам сатууга жана 39 адамдын өлүмүнө шектелүүдө”, — деп жазган басылма.

Буга чейин каза болгондордун бары Британияга кирүүгө аракет кылган мигранттар болушу мүмкүн экени айтылган. Алардын 38и эркектер болсо бирөө өспүрүм болгон. Алар катуу сууктан үшүп өлгөн, анткени унаанын контейнерден жасалган жүк салган бөлүгүндөгү абанын температурасы -25 градуска чейин төмөндөгөн.

25 жаштагы жүк ташыган унаанын айдоочусу да адам өлтүрүүгө шектелип  кармалган. Унаа 19-октябрда Болгариядан чыгып 20-октябрда Улуу Британиянын аймагына кирген.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>