Британияда жети экрандуу компьютер иштелип чыкты

Британияда жети экрандуу компьютер иштелип чыкты

Британиядагы “Expanscape” аталышындагы компания жети экрандуу компьютерди иштеп чыкты. Бул тууралуу Gizmodo басылмасы жазды.

Ал 2020-жылдын башында жарыяланган Aurora 7нин жаңы версиясы. Компьютердин 17,3 дюймдук төрт 4K дисплейди камтыган негизгисинен тышкары алты кошумча экраны бар. 4К дисплейдин экөө портреттик, экөө пейзаждык багытта фунция аткарат. 19200×1200 пикселге ээ болгон жети дюймдук экрандар негизги экрандардын үстүндө, ал эми жетинчиси кошумча баскычтын астында жайгашкан.

Бул модель көтөрүп жүрүүгө ынгайлаштырылган эмес, базардагы башка ноутбуктардан айырмаланып — аппараттын калыңдыгы 4,3 дюйм, салмагы 12 килограммга жакын.

Аппарат Intel i9 9900K процессорунун негизинде иштелип чыккан. Компьютер эс тутуму 64 гигабайт жана ички эс тутуму 2,5 терабайтты түзөт. Компьютерде Nvidia GTX 1060 видео карта бар. Ошондой эле, перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруучу бир нече порттор жана батареянын бир нече саат иштөөсүн камсыз кылган батарея бар.

Ноутбуктун баасы азырынча ачыкка чыга элек, бирок компаниянын веб-сайтында буйрутма боюнча өз-ара макылдашуу шилтемеси жүктөлгөн.
Аврора 7нин биринчи версиясы 2020-жылдын январь айында тааныштырылган. Жети экрандык компьютер Intel i7 төрт ядролук процессорду, 64 гигабайт оперативдүү эс тутумду камтыйт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>