БШК: Партияга талапкерлерди каттоо кыскартылды

БШК: Партияга талапкерлерди каттоо кыскартылды

Бүгүн, 8-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттерге парламенттик шайлоонун жүрүшүн чагылдыруу тууралуу айтып берүүдө.

Анда парламенттик шайлоонун жүрүшүндөгү эрежелер, талаптар айтылды.

«Бул шайлоодо жаңы тартип менен аралаш системада өтөт. Мында бир мандаттуу жана ачык тизмелер менен талапкерлер шайланат. 18-октябрга чейин талапкерлер документтерин тапшыруусу керек. Талапкерлер бир учурда эки округ менен көрсөтүлүүгө укуктуу эмес. Алар партиянын аты менен көрсөтүлөт. 54 пропорционалдуу түрдө шайлануучу депутаттар мыйзамда көрсөтүлгөн талапты сактоосу керек. Тактап айтканда, гендердик теңчилик сакталуусу шарт, 70 пайызы эркек болсо, анын 30 пайызын аялдар түзүүсү керек», — дейт Шайлдабекова.

Мындан тышкары бир партияга талапкерлерди каттоо саны чектелди, мурда 200гө чейин талапкер каттай алышчу, эми анын саны 54гө чейин гана чектеле турганы айтылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>