БШК Тайчабаровдун үгүтү боюнча Жапаровго сунуш жөнөттү

БШК Тайчабаровдун үгүтү боюнча Жапаровго сунуш жөнөттү

«Бишкек» эркин экономикалык чөлкөм жетекчиси Кудрет Тайчабаровдун фейсбук аркылуу карындашын колдогону үчүн  Борбордук шайлоо комиссиясы Минисрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго тийиштүү чара көрүү боюнча сунуш жөнөттү. Бул туурасында БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов Rеporter.kg′ге билдирди.

Анын айтуусуна караганда, БШК мүчөлөрү Кудрет Тайчабаровдун фейсбуктагы үгүт иштери боюнча кечээ, 1-ноябрь күнү караган. Анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго тийиштүү чара көрүү боюнча сунуш жөнөтүшкөн.

«Бишкек» эркин экономикалык чөлкөм жетекчиси Кудрет Тайчабаровдун фейсбуктагы баракчасына “Мотурайган бөбөгүм, Кел, бетиңен өбөйүн… Орундалып тилегиң, Парламенттен көрөйүн” деп өзүнүн бир тууган карындашы Адинай Марипованы сүрөөгө алган.  Карындашы “Ынтымак” саясий партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары бара жатат.

 
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер үгүт иштерине катыша албайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>