БШКнын мүчөсү Арипов «Республика» партиясы менен шайлоого аттанат

БШКнын мүчөсү Арипов «Республика» партиясы менен шайлоого аттанат

Назарали Арипов Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү кызматынан кетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал мындай чечимди «Республика» саясий партиясынын тизмесинен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коё тургандыгына байланыштуу кабыл алган.

24-августта БШКнын отурумунда Арипов мурдагы кесиптештерине биргелешип иш алып барышканына ыраазычылык билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>