Бул 3 суроого жооп берсеңиз, кандай адам экениңиз билинет

Бул 3 суроого жооп берсеңиз, кандай адам экениңиз билинет

Аң сезимиңиз сиз жөнүндө баарын билет! Мындай кызыктуу тестти «bilesinbi.kg» жазды.

Тибеттиктердин 3 суроо тести – кыска жана так тест. Эң негизгиси, ойлонбостон дароо жооп берүү керек.

3 суроонун жоопторун жазуу үчүн кагаз алыңыз, алдын ала жообун караганга аракет кылбаңыз, болбосо тест өтүүнүн кызыгы жок болуп калат.

Жыйынтыгында өзүңүз жана жашооңуз тууралуу өтө маанилүү нерселерди биле аласыз.

Суроолор:

  1. Элестетип көрүңүз, алдыңызда бул 5 жаныбар бар дейли. Өзүңүзгө жаккыдай тартипте жайгаштырыңыз:

Уй, жолборс, кой, жылкы, чочко.

Мисалы:

  1. Жолборс
  2. Кой
  3. Чочко жана башка.

2. Тизмедеги сөздөрдү эмне менен байланыштырасыз, жазыңыз:

Ит — …

Мышык — …

Келемиш — …

Кофе — …

Деңиз — …

Мисалы:

Ит-ишенимдүү.

3. Сиз үчүн маанилүү болгон 5 адамды ойлонуңуз. Ал адамдардын ар бирине түстөрдү тандаңыз.

Бир түскө бир гана адам тандалат!

Сары — …

Саргылт— …

Кызыл— …

Ак — …

Жашыл — …

Болгону ушул!

Эми жыйынтыгын көрөлү:

Биринчи суроого болгон жооп жашооңуздагы приоритеттерди (маанилүү нерселерди) аныктайт:

Уй — карьераны билдирет.

Жолборс — өзүн-өзү сыйлоо сезими.

Кой — бул сүйүү.

Жылкы — үй бүлөнү билдирет.

Чочко — акчаны символдоштурат.

Мисалы, тизменин башына койду койсоңуз, анда сиз үчүн биринчи сүйүү маанилүү.

Экинчи жооптон, жашооңуз тууралуу биле аласыз, мындайча айтканда аң-сезимиңизде аны кандай көрөсүз.

Ит менен болгон байланыш жеке сапаттарыңызды билдирет.

Мышык менен болгон байланыш өнөктөшүңүздүн сапаттарын билдирет.

Келемишке болгон сүрөттөмө душманыңызды божомолдоп турат.

Кофе менен болгон байланыш — бул жыныстык катнашка болгон мамилеңиз.

Деңизди сүрөттөгөнүңүз жеке жашооңуз болуп саналат.

Бул жерде 5 адам үчүн тандап алган түстөрдүн чечмелениши бар:

Сары – жашооңузга катуу таасир тийгизген, эч качан унута албай турган адам.

Саргылт – чыныгы досуңуз.

Кызыл – жакшы көргөн адамыңыз.

Ак –  жан дүйнөңөр төп келген адам.

Жашыл —  өмүр бою эсиңизден кетпей турган адам.

Кызыктуу бекен? Бул тести досторуңуз менен бөлүшүңүз, алар дагы өздөрү тууралуу маалымат алышсын.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>