Бул коомчулуктун бетине түкүргөнү! Чубак ажы Сузакта кордолгон аял тууралуу пикирин айтты

Бул коомчулуктун бетине түкүргөнү! Чубак ажы Сузакта кордолгон аял тууралуу пикирин айтты

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак Жалилов Сузакта күйөөсүнөн кордук көргөн аял тууралуу пикирин билдирген.  Анда ал бул аялдын моюнуна дөңгөлөк илинип, кордолгону жалпы коомчулуктун көргөн кордугу экенин айтып, мындай окуяларга жол берилбеши керектигин билдирген. 

“Мындай ачыкка чыгып шерменде болуп калган абал болбосо. Мындай окуялар көп жерде керек болсо күн сайын болуп жатат, адам өмүрүн алган окуялар болуп жатат.  Кеч калып калыптыр, кеч калганы үчүн уруп жатат деп жатышат. Этият болуш керек, эгер жашоо болбой турган болуп калса ошондон көрө жашоону токтоткон оң болот.  Эгер жашоо болбой турган болсо, ойноштук кылып кетсе же башка болсо, кечирүү мүмкүн болбой калса анда токтоткон оң. 

Куранда бир адамды өлтүрсөң бүтүндөй адамзатты өлтүргөнгө тете, ал эми бир адамга өмүр берсең бүтүндөй адамзатка өмүр бергенге тете деп айтылат. Демек бир адамды ушинтип кордоп моюнуна дөңгөлөк илип ага таштарды да илип, моюнуна суу куйганы бул бүтүндөй адамзатты кордогонго, силердин баарыңарга түкүрдүм дегенге тете. Ошол жерде  видеого тартып аткан аялда да күнөө бар, ал колу-коңшуларды чакырып келип ажыратып калышы керек эле.

Бул видеону коомчулукка чыгаруу туура, бирок анын өңү-башын жашыруу керек эле. Анткени ал аялда көчөгө чыга турган эл аралап баса турган да убактысы келет”, — дейт Чубак Жалилов.   

Белгилей кетсек, буга чейин аталган окуянын үрөй учурган видеосу интернетке тараган. Видеодон эркек киши аялынын мойнуна таш салынган дөңгөлөктөрдү илип, муздак суу куюп жатканын көрүүгө болот.   

Бул окуя коомчулукка тарагандан кийин облустук милиция иликтөө баштап, окуя 8-июнь күнү саат 11:00дөр чамасында орун алганын маалымдаган.

Кийин аялына кордук көргөзгөн киши 15 күнгө камакка алынган. Көп узабай зомбулукка кабылган аял күйөөсүнө доосу жок экендиги тууралуу арыз жазганын облустук милиция кабарлап, бирок ага карабастан факты боюнча иликтөө жүргүзүлөрүн бидирген.   

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>