Быйыл көмүрдүн баасы канчадан болот? Жооп

Быйыл көмүрдүн баасы канчадан болот? Жооп

Кара алтынды ташыгандар Кара-Кечеде казылган даяр көмүр жок экенин айтып, былтыр ушул маалда элдин 30 пайызы көмүр менен камсыз болуп калганын билдиришкен. Мындан тышкары үстүбүздөгү жылда бир дагы жолу көмүр жүктөп келе электерин айтып, «Элдик Репортерго» жиберишкен.

Reporter.kg жогорудагы маселе менен «Кыргызкөмүр» ишканасына кайрылып, төмөндөгүдөй жооп алды.

Быйыл Кара-Кечеде көмүр казуу иштери толук жүрүүдө. Калкка көмүр берүү 2021- жылдын 15-сентябрынан башталат. Андан кийин Республиканын көмүр кампаларына жеткизилет. Республика боюнча бүгүнкү күндө 758  көмүр кампасы ачылды. Жеринен чыккан Кара-Кече көмүрүнүн баасы мурдагы жылдардай эле 1330 сомду түзөт. Сатыкка коюлган баа саясатын монополияга каршы мамлекеттик агенттиги жүргүзөт.  

Кыргызстан боюнча жалпысынан (ЖЭБке, калкка, бюджеттик мекемелерге)- 3 000 000 ашык тонна көмүр керектелет, анын ичинен:

-бюждеттик мекемелерге-242,333 миң тонн;

-калкка- 1 миллион 125 миң тонна;

ЖЭБке – 1 миллион 650 миң тонна анын ичинен:

-“Кабак” бассейининен -950 миң тонна;

— Таш-Көмүр кенинен -50 миң тонна;

— Казакстандан-  650 миң тонна көмүр келет.

Республика боюнча көмүр казган 70 ашык компания бар. Туруктуу иш алып барган компаниянын саны  41 чукул.

Ыкчам маалыматтарга таянсак, акыркы 8 айдын ичинде Республика боюнча 1 млн 337 миң 346 тонна көмүр өндүрүлдү.

-түндүк региону боюнча -452 265 миң тонна;

-түштүк региону боюнча -885 079 миң тонна;

Эске сала кетсек, күйүүчү майдын турукту болбогонуна байланыштуу,  аба-ырайынын жаан-чачын болушунан жана башка  себептер менен Кара-Кече кесиминде тоо-кен иштери арта калып, ошол үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан кошумча күч тартылып, көмүр тазалоо  иштерин күчөтүү максатында атайын оор жүктөгү техникалар бөлүнүп берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>