Быйыл Ош шаарында электрондук кезек аркылуу 1-класска 7369 окуучу кабыл алынды

Быйыл Ош шаарында электрондук кезек аркылуу 1-класска 7369 окуучу кабыл алынды

Быйыл Ош шаарында электрондук кезек аркылуу 1-класска 7369 окуучу кабыл алынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 15-сентябрда Ош шаарындагы мектептерде билим күнү белгиленди.

Шаар мэри Алмаз Мамбетов № 52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп лицейинде болгон майрамдык иш-чарага катышып, мугалимдери, окуучуларды жана ата-энелер жаны окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

«Бүгүн окуучулардын кубанычында чек жок экендиги байкалып турат. Бул күнү башкалардан өзгөчө майрамдык маанайды мектепке биринчи кадам шилтеп жаткан жаш жеткинчектер сезет. Мектепте окуган ар бир күнүңөрдү текке кетирбей, татуктуу билим алууга умтулуп, жашоонордун пайдубалын бекем түптөгүлө», — деди Мамбетов.

Ош шаарында 81 жалпы билим берүүчү мектеп иштейт, анын ичинен 55 мамлекеттик жана 26 жеке менчик мектеп бар. Шаар боюнча 3 277 мугалим эмгектенет.

2021-2022-окуу жылынын 15-сентябрына карата электрондук кезек аркылуу 1-класстарга 7369 окуучу кабыл алынды.

Шаар боюнча 3 277 мугалим 77 832 окуучуга тарбия-таалим берүүдө. Мамлекеттик мектептерге тартылган окуучулардын саны – 72 250, жеке менчик мектептердеги окуучулардын саны – 5 582.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>