Быйыл жогорку окуу жайларга 5705 гранттык орун бөлүндү

Быйыл жогорку окуу жайларга 5705 гранттык орун бөлүндү

2019-2020-жылдагы окуу жылына карата жогорку окуу жайларында гранттык негизде билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмү жана адистиктердин тизмеси бекитилди. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

2019-2020-окуу жылына 5705 мамлекеттик билим берүү гранты берилип, анын 4903 оруну Билим берүү жана илим министрлигине караган жогорку окуу жайларына бөлүндү. Калган гранттык орундар мамлекеттик органдардын ведомстволук окуу жайларына берилди.

Гранттык орундарды бөлүштүрүүдө кадрларга болгон муктаждык, ЖОЖдор менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн келишимдердин саны, ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүтөрү тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин анализи эске алынган.

Акыркы жылдары IT-адистерине суроо-талап өсүп жатат. Буга байланыштуу компьютердик технологиялар тармагындагы кесиптерге гранттык негизде окутуунун саны көбөйдү.
Ошондой эле жалпы гранттык орундардын 316 магистрдик тармакка бөлүү сунушталды. Дагы 405 гранттык орун чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарга, I жана II топтогу мүмкүнчүлү чектелген жарандарга, жетим балдарга жана иштеп жаткан өкмөттөр аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууга каралган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>