Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон

Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон

 7-августта Кой-Таш окуясында башына таш тийген Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун абалы туруктуу оор бойдон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, бейтапка Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургиялык борбордо ага кошумча анализдер дайындалган. Анализдин жыйынтыктары чыккан соң  анын кийинки дарылоо жолу белгилүү болот.

11-августта Москвадагы Бурденко атындагы борбордон келген нейрохирург жана реаниматологдор Курманкуловго кайрадан нейрохирургиялык операция жасоонун кереги жок деген чечим чыгарышып, аны Москвага алып кетишкен. Кыргызстанда Курманкуловдун башына эки жолу операция жасалса да абалы өзгөргөн эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>