Чүй ОИИББ: Дүкөндүн алдында наристени көмөлөтө тепкен адам кармалды

Чүй ОИИББ: Дүкөндүн алдында наристени көмөлөтө тепкен адам кармалды

Ысык-Ата районунда дүкөндүн оозунда турган наристени көмөлөтө тепкен адам кармалды.  Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү Ысык-Ата РИИБине Люксембург айылынын 29 жаштагы Ж.А. аттуу жашоочусу кайрылган. Ал ушул эле күнү саат 18:30дар чамасында айылдагы дүкөндүн алдында белгисиз адам 7 жашар баласынын денесине залал келтиргенин айтып ага карата мыйзам чегинде чара көрүп
берүүнү суранган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен
катталган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга шектүү 1994-жылы туулган М.Н. кармалган. Учурда баардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган бала убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>