Чүйдө дин жолундагы делген адам өзүнүн балдызын бир нече ай бою зордуктап келген

Чүйдө дин жолундагы делген адам өзүнүн балдызын бир нече ай бою зордуктап келген

Аламүдүн районунун тургуну өзүнүн балдызын бир нече ай бою зордуктап жүргөн. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы күч түзүмдөрүндөгү жеке булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, 19-октябрда Аламүдүн райондук милициясына 18 жаштагы Нургүл (аты өзгөртүлдү)  аттуу кыз арыз менен кайрылган. Арызда ал, өзүнүн улуу эжесинин Кайрат аттуу жолдошу аны май айынан бери күч колдонуп зордуктап келгенин айткан.  Жабырлануучу бул окуяны эжесине айтуудан коркуп келген.

Такталгандай, Нургүл 2000-2002-жылдары кайтыш болгон өзүнүн ата-энесинин үйүндө жашап келген. Анын апасы төрөттөн каза болсо, атасы эки жылдан кийин кайтыш болгон.

Нургүлдүн өзүнөн улуу 3 эжеси бар, экөө турмушка чыккан. Үчүнчүсү чет өлкөдө эмгектенип келет.

«Жабырлануучу ата-энесинин үйүндө өзүнүн эжеси жана анын жолдошу менен бирге жашап келген.  Эжесинин жолдошу дин жолундагы адам болгондуктан аялы ага тик карап сүйлөй албайт. 2019-жылдын майында ал биринчи жолу Нургүлдү күч колдонуп зордуктаган. Ага чейин кызга ар кандай психологиялык жана идеологиялык басым жасап келген. Ошентип жездеси балдызын зордуктаганын уланта берген. 19-октябрда Нургүл бирге окуган курбуларына зордукталганы тууралуу айтып берген. Курбулары аны бардык окуяны эжесине айтууга көндүргөн. Ошентип кыз милицияга арыз жазган», — деп билдирген күч кызматкерлери.

Нургүлдүн эжеси өз туугандарына жалынып,  күйөөсү түрмөгө кесилсе анын жана балдарынын тагдыры эмне болот деп  арызды милициядан алууну өтүнгөн. Бирок туугандары макул болбой, бул иштин аягына чыгарын айтышкан.

“Шектүүнү абакка кесүү үчүн Аламүдүн райондук милициясы бул ишти мыйзам чегинде тергейт деп үмүт кылабыз. Азыр соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз, анын кортундусу чыкса милиция кылмыш ишти иликтеп баштайт.  Биз Нургүлдү зордуктаган адамды түрмөгө каматуу үчүн болгон аракеттерди көрүп, бардык инстанцияларга кайрылууга даярбыз. Кайрат сыяктуу адамдардын орду түрмөдө”, — деген Нургүлдүн жакындары.

Учурда шектүү эркиндикте, экспертизанын жыйынтыгы менен анын баш коргоо чарасы тандалат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>