Чүйдө милициялар келиндин төрөтүн кабыл алышты

Чүйдө милициялар келиндин төрөтүн кабыл алышты

Чүй облустук Жол коопсуздугун сактоо башкармалыгынын инспекторлору төрөтканага жетпей калган аялдын төрөтүн кабыл алышты.

Башкармалыктын маалымат кызматы билдиргендей, 15-январда түнкү саат үчтө Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айылындагы стационардык постто аялын төрөтканага алып барууга жетишпей калган киши инспекторлорго кайрылган.

Милициянын прапорщиги Качыгулов менен ага милиционер Кусеинов машинеде төрөт кабыл алып, андан соң патрулдук унаанын коштоосу менен эне-баланы Чүй облустук төрөтканасына жеткиришкен.

Маалыматка караганда, алардын абалы жакшы, төрөтканадан чыгышты. Эне-баланы Чүй облустук Жол коопсуздугун сактоо башкармалыгынын инспекторлору куттуктап барышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>