Чүйдө сегиз күндөн бери 17 жаштагы кыз изделүүдө

Чүйдө сегиз күндөн бери 17 жаштагы кыз изделүүдө

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 17 жаштагы Кундуз Кубатбек кызы изделүүдө. Бул тууралуу  облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал 17-октябрь күнү Ивановка айылындагы үйүнөн саат 7.30да чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 168-170 сантиметр, көздөрү бүтүк, эрининде калы бар.

Кийип жүргөн кийимдери: үстүндө кызыл-жашыл түстөр аралаш кардиган, көк түстөгү көйнөк, жинсы шым болгон. Кара түстөгү спорттук бут кийимчен кеткен.

Кимде ким сүрөттөгү Кундуз Кубатбек кызын көргөн же билген болсо Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 0 (312) 61-69-07,  0 (707) 25-79-02 номерлери аркылуу же 102 кызматына чалса болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>