Чүйдө сот залынан качып кеткен адам 10 айдан кийин колго түштү

Чүйдө сот залынан качып кеткен адам 10 айдан кийин колго түштү

Быйыл январь айында сот имаратынан качып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 10 айдан бери издөөдө жүргөн кылмышка шектүү адам облус аймагындагы Вознесеновка айылында жүргөн учурунда колго түшүрүлгөн. Кармоо учурунда милицияга каршылык көрсөткөн.

30 жаштагы кылмышка шектүү Октябрь райондук сотунда иши каралып жаткан учурда залдан качып чыгып кеткен болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>