Чөкпө бир тууганым! Муфтий кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду – видео

Чөкпө бир тууганым! Муфтий  кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду – видео

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев өлкөдөгү абалга карата өлкөдөгү мусулмандарга кайрылуу жолдоду.

Муфтий учурда болуп жаткан кыйынчылык Жараткан Алла Тааланын сыноосу экендигин эске салып, Курани Каримден үзүндү келтирген.

Мындан сырткары коомчулукту дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырган.

“Ислам дини текербеликтен, менменсингендиктен тыйгандай эле үмүтсүздүктөн, дүрбөлөңгө түшүп, коркуп калгандан дагы тыюу салган. Биз бүгүн азыр бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, көмөктөшүп, жардам бере турган учур келди. Эч качан бири-бирибизди айыптап, күнөөнү башкадан көрүп, жемелеп, сындаганды токтотолу”, – деген муфтий.

Андан ары муфтий элди ынтымакка, сабырдуулукка жана  биримдүүлүккө чакырып өткөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>