Чаткалда айдоочудан 10 миң сом талап кылган уюшкан кылмыштуу топко мүчө адам кармалды

Чаткалда айдоочудан 10 миң сом талап кылган уюшкан кылмыштуу топко мүчө адам кармалды

Чаткалда уюшкан кылмыштуу топко мүчө делген адам шериги менен оор жүк ташуучу унааны себепсиз токтотуп, айдоочудан жолдо жүргөнү үчүн опузалап 10 миң сом талап кылышкан. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.

 Жабылануучу Ала-Бука районунун 34 жаштагы тургуну арызда көрсөткөндөй, өзүн “Болот” деп тааныштырган адам шериги менен аны 4 саат жолдо кармап турган. Бул фактынын  негизинеде “опузалап талап кылуу” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жалал-Абад облустук криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан, кылмышка шектүү катары мурда үч жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делген “Басмач” каймана аты бар Чаткал районунун 29 жаштагы У.Б. тургуну жана 22 жаштагы С.Д. кармалган.

Кармлаган адамдардын бөгөт чарасы тандалып,  2 айга камакка алынган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>