Чечимдер өзгөрдү! Бишкекте мектептер дезинфекциялоого гана жабылат

Чечимдер өзгөрдү! Бишкекте мектептер дезинфекциялоого гана жабылат

Бишкекте мектептер 12-13-апрелде гана убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева билдирди.

“Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүү учурунда мектептер эки күнгө жабылат. Белгилүү болгондой, 11-апрелде шаардык жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Айрым мектептерде шайлоо участоктору жайгашкандыктан эки күнгө жабуу чечими кабыл алынды. Шайлоо өткөн соң 12-13-апрель күндөрү санитардык күн жарыяланып, шайлоо тилкелери жайгашкан мектептер тазаланат”, — деди ал.

Иманалиеванын айтымында, шайлоо тилкелери жайгашкан бала бакчалар 8-апрелден 14-апрелге чейин убактылуу жабылат. Ал эми бала бакчаларда дагы 12-13-апрель күндөрү санинтардык күн өткөрүлүп, тазалоо иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсекк, коронавирус боюнча кырдаал турукташканга чейин балдардын, ата-энелердин жана мугалимдердин коопсуздугу үчүн 12-апрелден тарта мектептер онлайн окууга өтөт деп айтылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>