Чек ара чырында 3,5 миң чакырым жол бузулуп, зыян 11 млн сом болууда

Чек ара чырында 3,5 миң чакырым жол бузулуп, зыян 11 млн сом болууда

Баткендеги окуядан 3,5 миң чакырым жолдун үстүңкү катмары бузулган. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда өткөн брифингде транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Каимбаев билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, чыгымдын суммасы 11 миллион сомдон жогору болууда.

“Учурда атайын түзүлгөн комиссия чыгымдын суммасын эсептеп жатат. Эсептелгенден кийин калыбына келтирүү иштеринин каржылоо булактары аныкталат”, — дейт Каимбаев.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>