Чек ара жаңжалына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары Баткенге сапар алууда

Чек ара жаңжалына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары Баткенге сапар алууда

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары Баткенге сапар алууда. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу кабарлады.

Анын айтымында  Мирлан Бакиров баштаган депутаттардын тобу төрага Дастан Жумабековдун тапшырмасы менен  чукул арада Баткен областына иш сапарына жөнөп жатат.

Нуракун уулу Баткенге канча депутат жөнөп жатканын ачыктаган жок.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы атыштан Кыргызстандын  сегиз жаараны жабыркаганын билдирди.

Мамлекеттик чек ара кызматы бир аскер кызматкерине ок тийип каза болгонун маалымдаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>