Чек арачы Адил футбол менен машыгып баштайбы? — сүрөт

Чек арачы Адил футбол менен машыгып баштайбы? — сүрөт

Баткен облусунун Көк-Таш айылында жашаган өспүрүм Адил Абдурахимов “Абдыш-Ата” футбол клубунун базасына барды.

Кыргыз-тажик чек арасында жашаган өспүрүм президент Садыр Жапаровго жолукканда келечекте кесипкөй футболчу болгусу келгенин айткан.

Адил “Абдыш-Ата” клубунун машыгуу жайлары, машыктыруучулары, жетекчилери менен жолугуп, негизги команда менен машыгууга да үлгүргөн.

Өз кезегинде Кант шаарынын командасы өспүрүмгө белектерди жана “Абдыш-Атанын” машыгууга кийген формасына Адилдин ысымын түшүрүп тартуу кылган.

Ал эми Адил Абдурахимовдун футболчу катары кайсы команда да тарбияланары азырынча аныктала элек.

Ош шаарынын “Каганат” футбол академиясы “Репортёрго” өспүрүмдү кабыл алууга даяр экенин билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>