Чемпиондор лигасынын финалында “Манчестер Сити” менен “Челси” ойнойт

Чемпиондор лигасынын финалында “Манчестер Сити” менен “Челси” ойнойт

“Челси” 1/2 баскычта “Реал Мадридди” жеңип Чемпиондор лигасынын финалына чыкты. Ал жерде Тухелдин командасын ПСЖны уткан “Манчестер Сити” күтүүдө.

Финал 29-майда Стамбулдагы “Олимпийский” стадионунда өтөт. Түркиядагы аренада турнирдин өткөн сезондогу финалы өтүшү керек болчу, бирок коронавируска байланыштуу плей-офф Португалияга жылдырылган.

Чет элдик беделдүү басылмалар беттешке 25 миңге жакын көрүүчү кирерин жазышууда. “Ман Сити” менен “Челсиге” 4 миңден билет берилет.

“Манчестер Сити” тарыхта биринчи жолу Чемпиондор лигасынын финалына чыкты жана Англиядан финалга чыккан тогузунчу клуб болуп калды. Ал эми “Челси” финалга үчүнчү жолу чыкты. 2008-жылы “Манчестер Юнайтедке» жеңилсе, 2012-жылы “Баварияны” уткан.

Пеп Гвардиола турнирдин финалына үчүнчү жолу (2008/09, 2010/11 жана 2020/21) чыкты. Томас Тухел эки өткөн жылы ПСЖны финалга алып чыкса, быйыл «Челси» менен кубокту утканга аракет кылат.

“Челсинин” машыктыруучусу Тухел менен “Ман Ситинин” насаатчысы  Гвардиола быйыл Англия кубогунун жарым финалында жолугуп, 1:0 эсебинде Тухелдин командасы жеңген. Ушул ишемби күнү Англия премьер-лигасынын алкагында эки команда беттеш өткөрөт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>