Чет өлкөлөрдө COVID-19 боюнча кырдаалга жүргүзүлгөн мониторинг

Чет өлкөлөрдө COVID-19 боюнча кырдаалга жүргүзүлгөн мониторинг

Президент Трамп АКШга иммиграциялоону убактылуу токтотууну пландоодо. Тыюу АКШда туруктуу жашоо укугун алууну же иштөөнү мерчемдеп жаткан адамдарга жайылат. Мындан улам Трамп АКШны башка өлкөлөрдөн изоляциялап, жергиликтүү америкалыктар үчүн дагы да көп жумуш орундарын түзүүнү пландап жатат.

Парижде шаар тургундары менен полиция ортосунда жаңжал чыкты. Шаардыктар карантиндик чараларды сактоону камсыздоо үчүн полиция кызматкерлери кабыл алып жаткан катаал чараларга каршы чыгышкан. Полиция жаш агызуучу газ жана желим окторду колдонгон.

Канцлер Меркель бүгүнкү күнгө карата жетишилген ийгиликтерге карабастан, Германия пандемиянын башталышында гана экенин эскертти. Ал жетишилген ийгиликтерге карабастан, бардык жарандар “кыраакы жана тартиптүү” болууга милдеттүү экенин белгиледи.

Италия февралда биринчи инфекция учуру катталгандан бери алгачкы жолу коронавируска чалдыккандардын саны азайганы тууралуу маалымдады.

Испанияда Жарандык гвардиядагы булактардын маалыматтары боюнча, испаниялык коронавирусту чектөө учурунда криминалдык онлайн-алдамчылыктар кеминде 70%га өстү. Алдамчылар кризистен пайдаланып, тастыкталбаган товарларды, медициналык каражаттарды сатышкан. Көбүнесе кары адамдар алдамчыларга кабылган.

Японияда бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 25 адам каза тапты – бул эпидемия башталгандан бери өлкөдөгү эӊ жогорку көрсөткүч, ооруну жуктургандардын жалпы саны – 11 866 адам.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>