Чет элдиктерге интимдик кызмат көрсөткөн кызга 30 миң сом айып салынды

Чет элдиктерге интимдик кызмат көрсөткөн кызга 30 миң сом айып салынды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту интернет аркылуу чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн М.Л. атту жаранга карата чечим чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун сайттына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын ноябрь айында Л.М. элиталык көп кабаттуу үйдө жайгашкан батирде веб-камера студиясын ачкан. Интернет аркылуу интимдик кызматты көрсөтүү үчүн студияны компьютер жана тематикалык шаймандар менен жабдыган.

Ал АКШ жана Европада жашаган кардарлар үчүн веб-камера аркылуу денесин көрсөтүп, кардарлар аны менен чет өлкөдө катталган эсептер аркылуу эсептешип турган.

Айыпталуучу сотто күнөөсүн мойнуна алган.

Сот аны 130-берене (Порнографиялык мүнөздөгү материалдарды жайылтуу) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Интернет аркылуу маалымат таратууга байланыштуу иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн 6 айлык мөөнөткө тыюу салып, 30 миң сомдук айыпка жыкты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>