Чоң-Алайда 70 жаштагы карыя өзүнө аш өткөрүп, элди ысырапкорчулукту жоюга үндөдү (видео)

Чоң-Алайда 70 жаштагы карыя өзүнө аш өткөрүп, элди ысырапкорчулукту жоюга үндөдү (видео)

Чоң-Алайдын 70 жаштагы тургуну Камил ажы Абдижапаровдун көзү тирүү болуп туруп өзүнө аш бергени интернет колдонуучулары тарабынан талкууга алынууда.

Адегенде Камил ажынын аш бергени тууралуу “Turmush” басылмасы жазып чыккан. Андан кийин ажынын эл алдына чыгып сүйлөп жаткан видеосу интернетке тарады.

“Өлүмдү да бизнеске айлантып алдык. Аш бергенде тууган уруктан, дос – чардан конверт келет, ар кандай куту, союш келет. Муну “бизнес” кылып алдык. Бул жерде эч кандай сооп жок. Кээ бир адамдар балдарына “мен өлгөндө эл көргүдөй кылып көмгүлө” деп айтат экен. Мен уул-кыздарыма “мен өлгөндө эч нерсе сойбогула” деп айттым. Жубайым экөөбүз тең жакындарыбызга кийит, конверт алып келбегиле деп эскерттик…

Балдарыма айттым. Мен өлүп калсам базардан нан сатып кел да жай казгандарга бир кой союп, алыстан келгендерге бир кой союп узатып кой. Айылдаштарым намазга десе келсин, эт жейт элем десе келбей эле койсун”,— деген ал.

Камил ажы Абдижапаровдун сүйлөгөн сөзүн төмөнкү видеон көрө аласыз.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>